КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ – мыйзамдуулукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн бир түрү. Ал өзара сот көзөмөлүнө алуу , конституциялык көзөмөлгө алуу (кара:Конституциялык көзөмөл), прокурордук көзөмөлгө алуу болуп бөлүнөт. Ага административдик көзөмөл түрлөрү да кирет. Автордук көзөмөлгө алуу анын өзгөчө түрү болуп саналат.
КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ БАСКЫЧЫ – жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата сот жүрүм катышуучуларынын даттануусу менен сунушу боюнча иштерди карай турган КР Жогорку соттун президиуму менен сот коллегиялары.
КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУГА ӨТКӨРҮҮ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык, 18 жашка чыга элек, биринчи жолу чоң коркунуч келтирбеген кылмыштар жана анча оор эмес кылмыштар жасаган жактарга колдонулуучу тарбыя таасирин көрүүгө мажбурлоо чараларынын бири. Ал ата-энелерге же аларды алмаштыруучу жактарга, же болбосо эрезеге жетелек балдардын иши боюнча комиссияга эрезеге жетелек балага таасирдүү тарбия берүү жана анын жүрүм-турумуна көзөмөлдүк кылуу милдеттерин жүктөөдөн турат.
КӨЗӨМӨЛГӨ АЛУУ ӨНДҮРҮШҮ – КРде баштапкы, апелляциялык, кассациялык баскычтагы соттордун өзгөртүүсүз калтырылуу менен, жокко чыгарылуу менен же өзгөртүлүү менен мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдерин, өкүмдөрүн, аныктамаларын жана токтомдорун кайра кароо тартиби.